Ссылки доступа

Казакстандын эки жараны Грузияда кулчулукта болгонун билдиришти


Казакстандын эки жараны — Даму Жайлаубек менен Акжол Агыбай үч айга жакын Грузияда кулчулукта болушканын билдиришти.

18 жаштагы Жайлаубектин айтымында, быйыл август айында кесиптеши Агыбай экөө тааныштар аркылуу Дубайга иштегени барууну чечишкен. Кийинчерээк чакырган тарап аларды Киевге, андан соң Грузияга алып барышкан.

"Бизге Дубайда саякатка байланыштуу иштерди аткара турганыбызды айтышкан. Кийин "башка жакта иштейсиңер, силер менен башка компания алектенет" дешти. Ошентип Батумиге келип калдык. Ал жерде кыйталыктардын колунда болдук. Алар бизди камакта кармап, 24 саат иштөөгө мажбурлап, сабап, жакшы тамак беришкен жок", — Жайлаубек.

Анын айтымында, "жумуш берүүчүлөр" биржалык брокер катары иштеп, аларды жасалма келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан.

Казакстандын жарандары полиция адам сатууга шектүүлөрдү кармагандан кийин бошотулган. Жайлаубектин айтымында, азыр алар бул иште кылмышкерлерге шерик болгон деп айтыпталууда. Грузин полициясы алардын документтерин алып койгон.

Азырынча бул кылмыш иши, андагы шектүүлөр жана Жайлаубек менен Агыбайдын макамы тууралуу расмий маалымат жок.

Бүгүнкү күндө Даму Жайлаубек менен Акжол Агыбай Батумидеги мейманканалардын биринде жашап жатышат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкөнүн эки жараны Грузияда оор кырдаалга туш болгонун ырастады. Мекеменин басма сөз катчысынын айтымында, эки казакстандык тууралуу маалымат Батумидеги консулдукка өткөн айда келип түшкөн.

— Эгер биздин жарандар башка өлкөдө адам сатуунун курмандыгы болуп же башка жагдайларда документтери жок калса, анда аларды мекенине алып келүү үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт. Каражат келери менен алар Казакстанга жеткирилет. Бул ушул жуманын ортосунда же аягында болушу мүмкүн", — деди басма сөз катчы.

XS
SM
MD
LG