Мекеменин сайтына жарыяланган маалыматта айтылгандай, эгер Жогорку Кеңеш макулдук берсе алар кылмыш-жаза жообуна тартылат, ал эми макулдук берүүдөн баш тартуусу үч саясатчынын "камактан бошотулушуна негиз болот жана депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө аларга карата иш убактылуу токтотулат".
Жээнбеков менен Зулпукаров "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Ал эми Жетигеновду УКМК "Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү" деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.
1-декабрга чейин иштеген "Жазык-процесстик кодекстин" талаптарына ылайык үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24 жана 29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн.
Бул маселени кароо үчүн 1-декабрда депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал бир ай ичинде уруксат берер-бербесин аныктап, корутундусун жалпы палатага алып чыгары айтылган.