Фатима Жураева аттуу блогер 22-ноябрда Facebook'тагы баракчасына Электр тармактар ишканасынын Улугнор райондук бөлүмүнүн башкы эсепчиси аны сабап жаткан учур тартылган видеотасманы жарыялаган.
Блогер аталган ишканага аймактагы фермерлердин биринин электр энергиясына болгон карызы жасалма түрдө көбөйтүлгөнү тууралуу маалыматты тактоо үчүн барганын билдирген.
Жураева ишкананын башкы эсепчисинен тиешелүү документтерди көрсөтүүнү талап кылган. Бирок эсепчи ага орой мамиле кылып, аны сабап салган. Блогер өз кайрылуусунда ишкананын кызматкерин жоопкерчиликке тартууга чакырган.
Буга чейин анжияндык блогерге карата Башкы прокуратура менен Электр тармактар ишканасында тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланган. Расмий адамдар бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, Улугнор районуна жөнөтүлгөнүн билдиришкен.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен Электр тармактар ишканасынын эсепчисине каршы "Адам саламаттыгына атайылап жеңил жаракат келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.
25-ноябрда жарыяланган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Фатима Жураеванын мээси чайкалганы, чекесинин сол бөлүгү жарылганы, ошондой эле ийнинин, белинин жана жамбашынын жумшак ткандары жабыркаганы аныкталган.