6-декабрда жазылган катта сенаторлор Өзбекстанды президент Шавкат Мирзиёев убадалаган кеңири масштабдагы реформаларды жүргүзүүгө үндөшкөн.
Ушул айда эки өлкөнүн өкүлдөрү стратегиялык кызматташтык боюнча биринчи диалогду өткөрүшөт.
Сенаторлор жолугушуу “өзбек-америка мамилесинин маанилүү бир бөлүгү болгон адам укуктарын сыйлоону жогорулатуу үчүн уникалдуу мүмкүндүк” болорун билдиришкен. Сенаторлор катта сөз эркиндигинин чектелишине жана саясий либерализация жолунда кандайдыр бир позитивдүү өзгөрүүлөрдүн жоктугуна тынчсызданышкан.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге жолдонгон катта жүргүзүлүп жаткан реформаларга карабай, Өзбекстан эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн бири катары калганы жазылган.
Сенатордор Жо Байдендин администрациясын Өзбекстандын Кылмыш кодексин реформалоо боюнча Ташкент менен тыгыз кызматташта болууга чакырышкан.
Мирзиёев бийликке келгенде Борбор Азиядагы калкы эң жыш жайгашкан өлкөнүн эшигин чет өлкөлүк инвестицияга ачып, коңшу мамлекеттер менен мамилени жакшыртып, Каримовдун тушуна караганда диний ишенимге киргизилген чектөөнү жумшартып, ондогон саясий туткунду бошоткон.
Ошол эле маалда Мирзиёев Өзбекстанда дээрлик чексиз бийликке ээ. Анын туугандары баюу үчүн Мирзиёевдин саясий таасирин колдонууга айыпталып келишет.