Ссылки доступа

Тажикстанда судья пара алып жаткан жеринен кармалды


Гулистон шаардык сотунун имараты. Архив сүрөт
Гулистон шаардык сотунун имараты. Архив сүрөт

Тажикстанда Гүлистон шаардык сотунун судьясы Азизжон Шарифзода пара алууга шектелип кармалды. Азырынча бул билдирүү боюнча Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги комментарий бере элек.

"Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, судья 6-декабрда иш бөлмөсүндө "1 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен" кармалган.

"Акчага атайын эритме сүйкөлгөн, ага ультрафиолет жарыгын бергенде "пара" деген жазуу көрүнгөн. Колго түшүрүү маалында Азизжон Шарифзоданын колунда эритменин издери табылган", — деди радионун булагы.

Анын айтымында, судья параны шаардагы бала бакчалардын биринин директорунан алган.

"Шаардагы бала бакчалардын биринин директору үй куруу үчүн жер тилкесин алган. Бирок эки жылдын ичинде ал жерге эч нерсе курулбагандыктан, шаар башчысы ага жер берүү тууралуу чечимди жокко чыгарган. Директор сотко кайрылганда анын пайдасына чечим чыгарып берүү үчүн судья 2,5 миң доллар сураган. Директор 1,5 миң доллар бергенден кийин судья керектүү чечимди чыгарып берген. Судья калган миң долларды талап кылганда бала бакчанын директору антикоррупциялык агенттикке кайрылган", — деди булак.

Азизжон Шарифзода президенттин жарлыгы менен Гүлистан шаарыны судьясы кызматына 2020-жылы февралда дайындалган.

XS
SM
MD
LG