Ссылки доступа

"Улуттук энергохолдинг" Токтогул суу сактагычынан казак тарапка суу берилгенин тастыктады


"Улуттук энергохолдинг" компаниясы жай мезгилинде казак фермерлери үчүн Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызылганы тууралуу Казакстан премьер-министри Аскар Маминдин маалыматын тастыктады.

​"Улуттук энергохолдинг" түшүндүргөндөй, Кыргызстан сууну Казакстан менен электр кубатын алмашуу келишиминин алкагында агызган. Жай мезгилинде берген суусун кыргыз тарап кышында электр кубаты түрүндө кайтарып алат.

Казакстан менен жалпысынан 900 млн кВт/саат электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

Кыргызстан сугат маалында Токтогул суу сактагычынан Казакстанга суунун кошумча көлөмүн агызганын казак премьер-министри Аскар Мамин 7-декабрда Нур-Султанда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушкан учурда билдирген. Муну менен Казакстандын түштүк аймактарындагы дыйкандардын сугат суусуна болгон муктаждыктары камсыздалган.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматында Токтогул суу сактагычынан сууну кошумча агызуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн көрсөткөн эмес.

Аскар Мамин Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кошумча агызылган суунун көлөмүн ачыктаган эмес.

2021-жылдын июнь айында Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги Бишкек менен жетишилген келишимди жарыялаган. Ага ылайык Кыргызстан вегетациянын эң жогорку чегинде (июнь-август) Токтогул суу сактагычынан кошумча 330 миллион метр куб сууну агыза турганы белгиленген. Сууну Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөрүү боюнча макулдашылган.

Суу сактагычтагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

8-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суу көлөмү 10,8 млрд. кубометрди түздү. Бул соңку жылдардагы эң аз көрсөткүч.

Буга байланыштуу "Түндүк электр" ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. Айрым аймактарда электр энергиясын көп талап кылган жылыткычтарга мөөр басылганы катуу талкууга алынган.

XS
SM
MD
LG