"Орусиянын Украинага кирип барышына каршы туруу үчүн Кошмо Штаттар бир тараптуу түрдө өз күчүн колдонбойт. НАТОдогу өнөктөштөрүбүздүн алдында келишимдин бешинчи беренесине ылайык, моралдык жана юридикалык милдеттенмелерибиз бар. Бирок бул милдеттенме Украинага тиешелүү эмес", - деген Байден.
Орусия Украинанын НАТОго кириши же альянстын бул өлкөдө аскер базасын орнотушу Орусия үчүн "кызыл чек" болорун жана жооп кайтарылышы мүмкүн экенин буга чейин айткан.
Ал эми АКШ жана Батыш өлкөлөрү Украинанын чек арасына жакын жерде Орусия тарапта соңку жылдардагы эң көп аскердик топтолуу байкалганын кооптонуу жаратуучу фактор деп атап жатышат.