— 8-декабрда ага тамак-аш берүү үчүн полиция департаментине барганбыз. Бирок бизге ал ачкачылык жарыялаганын айтышты. Жок дегенде бөтөлкөдөгү сууну берип койгула десек ал суу ичүүдөн да баш тартып жатканын билдиришти, — деди активист.
Административдик камактагы Айдар Мубараков ачкачылык жарыялаганын 9-декабрда Алматы шаардык полиция департаментинин кызматкери да ырастады. Анын айтымында, Мубараков 6-декабрдан бери тамак ичүүдөн баш тартууда. "Суу ичип жатат. Абалы туруктуу", — деди департаменттин өкүлү.
Азырынча активист кандай талаптарды коюп жатканы белгисиз.
5-декабрда Алматынын административдик соту Айдар Мубараковду "Тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарган. Сот өкүмүнө ылайык, активист 27-ноябрда Илимдер академиясынын алдында өткөн "мыйзамсыз митингге" катышкан.
Укук коргоочулардын маалыматтарына караганда, 16-декабрда белгилене турган Эгемендүүлүк күнүнүн жана Жаңы-Өзөн окуяларынын 10 жылдыгынын алдында Казакстандын түрдүү аймактарындагы активисттер полициянын куугунтугуна кабылып жатышат. 7-декабрда Чымкент шаардык соту 39 жаштагы жергиликтүү активист Ерлан Файзуллаевди тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу айыбы менен 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.