Ссылки доступа

Сокулук: Зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан убактылуу көчүп кеткени айтылды


Сокулук районунун Исмаил айылындагы бойго жете элек кызды зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү көчүп кетти. Бул тууралуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү кеңештин депутаты Мирбек Сүйүналиев билдирди.

Анын айтымында, кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү 7-8-декабрь күндөрү мал-жаны менен кошо көчүп кетишкен, каякка барганы тууралуу кабары жок.

Сокулук районунун прокурору Орозбек Бердибаев аксакалдар кеңешинин чечиминен кийин коопсуздук маселесинен улам кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү убактылуу Бишкек шаарына көчүп кеткенин маалымдады. Ал үй-бүлөнүн Исмаил айылындагы там-ташы жана көчүп барган жердеги үйү укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экенин белгиледи.

7-декабрда Сокулук районунун Исмаил айылындагы аксакалдар өз алдынча бойго жете элек кызды зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү "кыштактан көчүп кетсин" деген чечим чыгарган.

Кылмыш жасаганы айтылган жарандын жакындары ага макул болбой, чечимдин адилетсиз экенин айтышкан.

Айылдын 31 жаштагы тургуну 16га толо элек кызды зордуктоого шек саналып, 5-декабрда камалган. Милицияга кыздын атасы арыз жазган. Тергөөнүн баштапкы маалыматында "ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы" айтылат.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы айылдагы абал милициянын көзөмөлүндө экенин билдирди.

Кыргызстандагы айрым юристтер аксакалдардын чечими мыйзамсыздыгын, сотсуз жазалоо улуттук да, эл аралык да нормаларга дал келбестигин, териштирүү жүргүзүү жана жазалоо - укук коргоо органдарынын, соттун милдети экенин белгилеп жатышат.

Шектүүгө карата Жазык кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, эки айга камалган.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жашы жете электерди зордуктагандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG