Ссылки доступа

AP: АКШ Украинага Донбасста бир катар макулдашууга барууну сунуштайт


Кошмо Штаттар Украинага орусиялык жикчилдер колдогон айрым аймактарга белгилүү бир деңгээлде автономия берүүнү сунуштайт. Бул тууралуу Associated Press АКШ администрациясынын өкүлүнө шилтеме жасоо менен билдирди.

Материалда айтылгандай, Вашингтондун алдында татаал тапшырма турат – бир жагынан Украинаны Донбасста айрым чегинүүлөргө барууга көндүрүү керек болууда, экинчи жагынан бул Орусия лидери Владимир Путиндин жеңиши катары эсептелип калбашы керек. АКШнын Киевдеги мурдагы элчиси Стивен Пайфердин айтымында, Донбасс регионунда саламаттык сактоо, билим берүү жана укук коргоо органдары тармагында өзүн-өзү башкаруу сунушталышы мүмкүн.

AP агенттигинин өз булактарынын айтымында, Украина Донбасс аймагынын тил жана маданий өзгөчөлүктөрүн эске алууга даяр. Бирок алардын жалпы улуттук чечимдерди кабыл алууда вето укугуна ээ болушуна караманча каршы.

Украинанын курамында Донецк жана Луганс облустарынын айрым аймактарына өзгөчө макам берүү 2015-жылы түзүлгөн Минск келишиминде эле каралган. Бирок ал дээрлик аткарылбай келет. АКШ бул келишимге катышкан эмес, бирок аны колдой турганын билдирүүдө.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG