Ссылки доступа

AI: казакстандык төрт активисттин телефонуна тыңчылык программасы орнотулган


Oyan, Qazaqstan кыймылынын төрт активистинин телефонуна Pegasus тыңчылык программасы орнотулган. Бул тууралуу 9-декабрда эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоо уюму билдирди.

Уюм казакстандык тогуз укук коргоочунун телефонуна криминалисттик анализ жүргүзүп, төртөөнүн телефонуна тыңшоого мүмкүндүк берген "вирус" жукканы ырасталганын кабарлады. Телефону тыңшалган – Тамина Оспанова, Димаш Алжанов, Дархан Шарипов жана Айзат Абилсейит – Oyan, Qazaqstan жаштар кыймылынын активисттери. Алар "Инстаграмда" сатиралык өңүттө жазган билдирүүлөрү үчүн куугунтуктоого алынган Темирлан Енсебектин достору.

Активисттердин телефонуна зыяндуу программа быйыл июнь айынын башында орнотулуп, аларды тыңшоо июлга чейин уланган.

Маалыматка караганда айрым активисттер ошол кезде Apple компаниясынан хакерлердин чабуулу жөнүндө эскертүү алган. Бирок Дархан Шариповго мындай билдирүү келген эмес.

"Активисттердин телефондорун мыйзамсыз бузуу – алардын жеке жашоосуна гана эмес, пикир айтуу эркиндиги менен жыйынга биригүү укугуна кол салуу болуп эсептелет. Казакстан бийлиги муну кылдат иликтеп, активисттерди аңдыгандарды жазага тартууга тийиш", - деди Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стратерс.

Июль айынын аягында Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү борбору (OCCRP) Pegasus тыңчылык программасынын жардамы аркылуу тыңшоо мүмкүн болгон бир катар мамлекеттердин башчыларынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин ысымдарын ачыкка чыгарган.

Жалпысынан дүйнөдөгү 34 мамлекеттеги 600дөн ашуун аткаминер жана жогорку кызмат адамы тыңшалганы белгиленген.

Тизмеде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, премьер-министр Аскар Мамин жана Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев да бар экени аныкталган. OCCRP тараткан маалыматта Касым-Жомарт Токаев менен Аскар Маминди тыңшоону алардын өздөрүнүн өлкөсү жүргүзгөн болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG