Ссылки доступа

Уйгур трибуналы: Кытай бийлиги Шинжаңда геноцидге барган


Лондондогу уйгур трибуналы Шинжаңдагы уйгур, казак жана башка мусулмандардын геноциди үчүн кытай бийлигин күнөөлүү деп тапты. Трибунал Кытайдын лидери Си Цзиньпин башында турган жетекчилик мусулмандарды куугунтуктоого түздөн-түз тиешеси бар деп эсептейт.

Уйгур трибуналынын чечими айрым өлкөлөр Бээжинде 2022-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялаган маалга туш келди.

Уйгур трибуналы өз ишин быйыл сентябрда баштаган жана Шинжаң лагерлеринин мурдагы туткундарын, ондогон казактарды, уйгурларды, күбөлөрдү жана окумуштуу-иликтөөчүлөрдү уккан.

Казактар Орынбек Коксебек, Ергазы Отарбай жана Бакытали Нур Шинжаң лагеринде туткунда болгонун ырасташкан. Алар лагерде өткөргөн күндөрүн айтып берүү үчүн Лондонго Казакстандан барышкан.

"Кытай Шинжаңдагы уйгурлардын жана башка этникалык азчылыктардын санын азайтуу үчүн ырааттуу жана узак мөөнөттү саясат жүргүзгөн. Бул максатта бийлик уйгурлар арасында төрөттү чектеген жана көзөмөлдөгөн", — деди 9-декабрда трибуналды башкарган юрист Жеффри Найс.

Трибунал Кытай лидери Си Цзиньпин, Чэнь Цюаньго жана Коммунисттик партиянын башка расмий адамдары Шинжаңдагы куугунтукка жооптуу деп эсептейт.

"Президент жана башка расмий адамдар кыйноо жана зордуктоого түздөн-түз буйрук берген эмес, бирок сот бул аракеттер президент Си Цзиньпиндин саясатынын жыйынтыгы деп эсептейт. Катаал иерархиялык мындай өлкөдө жогорку бийлик ар бир иштен кабардар", —деди Найс.

Көз карандысыз уйгур трибуналын Бүткүл дүйнөлүк уйгур конгрессинин өтүнүчү менен 2020-жылы британиялык юрист Жеффри Найс түзгөн. Быйыл Бээжин Найс жана дагы бир катар британиялыктарга санкция киргизген.

Уйгур трибуналы көз карандысыз жана өкмөттүк эмес сот катары санкция салууга укугу жок. Бирок алар бул чечим эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурат деп эсептешет.

Лондондогу трибунал Шинжаңда жапырт киши өлтүрүү боюнча далилдер жок экенин, бирок кыйноо, бычуу жана төрөттү көзөмөлдөө фактылары болгонун, бул геноцид мүнөздөмөсүнө толук шайкеш келерин билдирүүдө.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулман "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG