Ссылки доступа

Жасалма эмдөө сертификаттарынан улам дарыгерлер иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцина алгандыгы тууралуу жасалма сертификат берилген фактылардан улам бир катар дарыгерлер иштен алынганын билдирди.

Ага ылайык, Бишкектеги №2, №8, №10, №11, №19, 20 медицина борборлорунун жетекчилери, бир медайым иштен алынды. Ошондой эле Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору боюнча бөлүм башчы өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кетти.

Чогулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-декабрда эмдөө сертификаттарынын сатылышын иликтеген комиссия түзүлгөнүн билдирген. Мунун алдында айрым журналисттер вакцина тууралуу жасалма маалымдамалар берилип жатканын иликтеп чыккан.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн жеке QR-код ыйгарылган санарип сертификаттар 2021-жылдын июль айынан тартып берилет. Документти COVID-19га каршы эмделгендер, акыркы 6 айда коронавирус менен ооругандар же ПЦР тесттин үч күнгө жарактуу жыйынтыгы барлар алышат.

Кыргызстанда 18 жаштан өткөндөргө коронавируска каршы эмдөө кампаниясы 2021-жылдын 29-мартында башталган. 18-ноябрдан баштап 16 жашка толгондорго вакцина алууга уруксат берилген. Препараттын кошумча дозалары алынып келингенде 12 жаштан баштап алса болору айтылган.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. Вакцина бир адамга эки дозада берилет, арылыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат.

XS
SM
MD
LG