Ссылки доступа

Москвада өткөн ММА боюнча мелдеш жапырт мушташ менен аяктады


11-декабрда социалдык түйүндөргө жарыяланган видеого ылайык, жапырт мушташтын чыгышына өзбекстандык ММА мушкери Намазан Самиевдин аракети себеп болгонун көрүүгө болот.

Самиев мелдештеги жеңишинен кийин көрүүчүлөргө кайрылып, каалаган адам менен мушташууга даяр экенин айткан. Ага атаандаш тез эле табылып, "көз караштар таймашында" Самиев аны тизеси менен бетке тээп жиберген. Андан соң рингге башка мушкерлер жана көрүүчүлөрдөн 50дөн ашык киши кирип келип, жапырт мушташ башталган.

Азырынча бул окуя тууралуу кошумча маалымат бериле элек.

Буга чейин "Интерфакс" агенттиги 10-декабрда Санкт-Петербург шаарында полиция кызматкерин сабаган дагы бир өзбекстандык ММА мушкери Бунед Тухтаевге издөө жарыяланганын билдирген. Маалыматта Тухтаев 8-декабрда укук коргоо кызматкерин сабагандан кийин кармалып, бирок 10-декабрда полиция бөлүмүнөн качып кеткени жазылган. Тухтаев мындан тышкары QR-коддор менен миграциялык документтерди мыйзамсыз саткан деп шектелип жатканы да кабарланууда.

XS
SM
MD
LG