Ссылки доступа

Тажикстанда мусулмандарга кичи ажылык сапарга чыгууга уруксат бериле элек


Сауд Арабиясы өлкөдө уруксат берилген препараттар менен эмдөөдөн өткөн чет өлкөлүктөргө кичи ажылык үчүн уруксат берди.

Сауд Арабиясына Pfizer-BioNTech, Oxford-AstraZeneca же Moderna вакцинасынын эки дозасын, Johnson & Johnson препаратынын бир дозасын алган жарандар кире алышат. Айрым маалыматтар боюнча жакында сауд бийлиги "Спутник V" вакцинасына да уруксат берди.

Бийлик умра үчүн башка өлкөдөн келген мусулмандар падышачылыкта 30 күнгө чейин кала аларын кабарлады.

Бул арада Тажикстандын Хатлон облусунун жашоочусу Абдусаттор Шарифов жергиликтүү дин иштери боюнча комитет кичи ажылыкка уруксат бербей жатканын айтты.

“Мен Мекке жана Мединага барууну эки жылдан бери күтүп жатам. Эмдөөдөн өткөндөргө кичи ажылык жасоого уруксат берилгенин укканда дин иштери боюнча комитеттин жергиликтүү бөлүмүнө бардым. Ал жактан дагы күтө туруу керектигин айтышты. Себебин билбедим, эч ким эч нерсе айткан жок”, деди ал.

Дин, салт-санаа жана салтанаттарды жөнгө салуу комитети Тажикстан жарандары үчүн Сауд Арабиясына кирүүгө уруксат берилгенин тастыктады.

“Кичи ажылыкка уруксат берүү үчүн COVID-19дун тарашына каршы туруу боюнча республикалык штабдын акыркы чечимин күтүп жатабыз”, - деди комитеттин басма сөз катчысы Афшин Муким.

Пандемияга чейин Тажикстандан жыл сайын 6 миңдей киши ажылык, 3 миңдей киши умра үчүн Сауд Арабиясына барып турган.

XS
SM
MD
LG