Ссылки доступа

Цой: Казакстанда эпидемиологиялык абал туруктуу


Казакстанда эпидемиологиялык абал туруктуу жана оптимисттик сценарий боюнча келе жатат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой маалымдады.

"Жалпысынан алганда Covid-19 боюнча абал оптимисттик сценарий менен келет жатат", - деди министр 14-декабрь күнү өкмөттүн жыйынында.

Саламаттык сактоо министринин маалыматына караганда, акыркы эки жумада өлкө боюнча илдет 31% азайган. Бир айда стационардык жана амбулатордук дарылануудагы бейтаптар эки эсеге кыскарган. Учурда инфекциялык орундардын 23%, реанимациялык орундардын 20% гана бош эмес.

Ошол эле маалда министр беткап режимин улантуунун жана социалдык аралыкты сактоонун зарылдыгын белгиледи. Ал эмдөө жана кайра эмдөө ыргагын да тездетүү керектигин айтты.

Расмий маалыматтар боюнча 19 миллион калкы бар бул өлкөдө 8,3 миллион киши толук эмдөөдөн өттү. Pfizer вакцинасынын биринчи компонентин 150 миңден ашуун өспүрүм жана 38 миң кош бойлуу же бала эмизген аял алды.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG