Бүгүнкү күндө Вахдат Ханонов менен Манучехр Сафаров Тегерандагы мейманканалардын биринде жашап жатышат. "Персеполис" командасынын трансфердик терезеси жабылып калгандыктан, учурда алардын бул футболдук клубдагы тагдыры бүдөмүк бойдон калууда.
Эки тажик футболчусу Ирандын популярдуу клубуна өткөнү тууралуу кабар акыркы эки айдан бери эки өлкөнүн ЖМКларында эң көп талкууга алынган темалардын бири болгон.
Вахдат Ханонов менен Манучехр Сафаров Иранга баргандан бери бир нече жолу "Персеполис" командасынын оюнчулары менен чогуу машыгууга катышып, бул клубдун формасы менен бир нече жолдоштук беттешке чыгууга да үлгүрүшкөн.
Душанбенин "Истиклол" клубунун мурдагы коргоочусу, 20 жаштагы Манучехр Сафаров Азия футбол конфедерациясынын (АФК) 2021-жылдагы эң мыкты оң капталда ойногон коргоочусу деген рейтингинде алдыңкы орунда келе жатат. Ал буга чейин Тажикстандын улуттук курама командасы үчүн 14 беттеш өткөргөн.
"Персеполистин" жетекчилиги биздин келишимибизге байланышкан маселени болушунча тез аранын ичинде чечүүнү убадалады. Алар бул үчүн болгон аракетин жумшап жатканын көрүп турабыз. Албетте расмий беттештерде ойноо мүмкүндүгүнүн жоктугу бизге таасир этип жатат. Бирок биз жолдоштук беттештерге катышып, атаандаштыкта ойноп жатабыз", — деди Сафаров "Фархангиён" иран басылмасына берген маегинде.
"Персеполис" клубу мурдагы аргентиналык башкы машыктыруучусуна карызы бар болгону үчүн жаңы оюнчулар менен келишим түзүү мүмкүндүгүнөн ажыраган. Бирок 13-декабрда клуб бардык каржылык маселелерин чечкени кабарланып, алар үчүн трансфердик терезе ачылганы кабарланды.
Буга чейин Transfermarket басылмасы аталган эки тажик футболчусу "Персеполис" клубуна өтүп, 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзүшкөнүн кабарлаган. Анда Ханонов 150 миң еврого, Сафаров 175 миң еврого бааланган.