Ссылки доступа

Ташкент облустук акимчилиги эстелик боюнча билдирүүсүн четке какты


Ташкент облустук акимчилиги Зульфия Закированын мемориалдык комплекси менен китепканасын куруу чечими жокко чыгарылганы, ага бөлүнгөн 34,4 миллиард сум (315 миң доллар) бюджетке кайтарылганы тууралуу өз билдирүүсүн четке какты.

Акимчиликтин маалыматына караганда, Зульфия Закированын мемориалдык комплекси менен китепканасын куруу жокко чыгарылган эмес, болгону башка мөөнөткө жылдырылган.

"Курулуш иштерине бөлүнгөн каражаттын бюджетке кайтарылышына эсептик жана долбоорлоо иштеринин аткарылбагандыгы себеп болду. Келечекте так эсептердин негизинде бул долбоорго акча бөлүү пландалып жатат", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Күн мурун Ташкент облустук акимчилиги эстелик менен китепкананын курулушуна бөлүнгөн каражат кайра жергиликтүү бюджетке кайтарылганын кабарлаган. Билдирүүдө 34,4 миллиард сумдун ичинен 1 миллиард 650 миллион сум мүмкүндүгү чектелген, аз камсыз болгон жана социалдык коргоого муктаж жарандардын үйлөрүн оңдоо менен алектенген "Саховат ва кўмак" ("Мээрим жана колдоо") фондуна которулары айтылган.

Зульфия Зокирова – Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда беш баласынан айрылган эне. Анын тагдыры тууралуу “Ильхак” деген фильм тартылган. Зульфия апанын урматына Ташкенттеги Жеңиш паркында айкел орнотулган.

Зокировага Нурафшон шаарына дагы бир эстелик тургузуу тууралуу Ташкент облусунун жетекчилигинин чечими коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

XS
SM
MD
LG