Ссылки доступа

Байкоңурда "Байтерек" комплексинин курулушу 2022-жылдын биринчи жарымында башталат


Байкоңур космодромунда "Байтерек" ракеталык комплексинин курулушу 2022-жылдын биринчи жарымында башталат. Бул тууралуу Казакстандын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр жай министри Багдат Мусин билдирди.

Анын айтымында, комплекстин эскиздик долбоору бекитилип, учурда долбоордук-сметалык документтер даярдалууда.

""Байтерек" долбоору боюнча иштер пландуу түрдө уланып жатат. Албетте, алгач курулуш иштерин быйыл баштасакпы дегенбиз, бирок эскиздик долбоорду кароо узакка созулуп кетти. Орус тарап ракетаны, биз болсо ишке киргизүү комплексин даярдайбыз. Бул экөө бири-бирине туура келиши үчүн эскиздик долбоордо көптөгөн тактоолор болду. Курулуш иштери эки жылдын ичинде бүтүшү керек. Орусиянын "Союз-5" ракета алып жүрүүчүсүн тесттик түрдө учуруунун мөөнөтү мурдагыдай эле — 2023-жылдын аягына пландалууда", — деди министр.

Казакстан менен Орусия "Байтерек" долбоору тууралуу алгачкы жолу 2004-жылы билдиришкен. Анда тараптар космостук аппараттарды "Протондордун" ордуна кыйла экологиялык ракеталар менен учурууну пландап жатканы кабарланган.

Буга чейин Байкоңурдагы космостук ракеталык комплексти куруу мөөнөтү бир нече жолу жылдырылган. Орус басылмалары буга Москванын ишке киргизүү технологияларын өнүктүрүүгө жүз миллиондогон доллар бөлүүгө даяр эместиги себеп болуп жатканын жазышкан.

Быйыл ноябрда Казакстан биргелешкен "Байтерек" ишканасындагы Орусиянын үлүшүн көбөйтүү тууралуу ортодогу макулдашууга сунушталган өзгөртүүлөрдү ратификациялаган. Ага ылайык, ишканадагы Орусиянын үлүшү 99% чейин көбөйүп, орус тарапка "Союз-5" ракета алып жүрүүчүсү менен "жылына эң аз дегенде эки жолудан" космостук аппараттарды учуруп туруу милдеттенмеси жүктөлгөн.

Казак бийлигинин билдиришинче, бул долбоордо Казакстан "Зенит-М" ракеталык комплексинин базасында жердеги космостук инфраструктураны модернизациялоого, Орусия болсо "Союз-5" ракета алып жүрүүчүлөрүн даярдоого жооп берет.

РИА "Новости" агенттигинин маалыматына караганда, Байкоңурдан "Союз-5" ракета алып жүрүүчүсүн учуруу боюнча биргелешкен "Байтерек" долбоорун ишке ашыруу 916 миллион долларга бааланууда.

"Казак тарап мамлекеттик тапшырыктын негизинде жердеги "Зенит-М" деп аталган космостук ракета комплексинин модернизациясын каржылайт. Ал 90,7 миллиард теңге (207 миллион) деп бааланууда", - деп билдирген Мусин былтыр Казакстан парламентинин сенатында сүйлөп жатып.

XS
SM
MD
LG