Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, соттук-медициналык экспертизанын жана алдын ала тергөөнүн алкагында каза болгон Рамзан Мухаммад Кыргызстандын эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебинин 2-курсунун студенти экени такталды.
Азыр тергөө жүрүп жатат. ИИМ окуянын күбөлөрүнүн көрсөтмөсүнө таянып, батыш тараптан темир жолдо жөө бараткан жаран тепловоздон берилген эскертүү үнүнө реакция кылбаганы айтылат. Ички иштер министрлиги кээ бир жарандарды туура эмес, аныкталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырып, анын жоопкерчилигин эскерткен.
11-декабрда белгисиз адам тепловоздун алдында калганы кабарланган. Социалдык тармактын колдонуучулары чет элдик жаран киши колдуу болуп, анын сөөгү рельске ыргытылганын жазып чыгышкан.
Пакистандын элчилиги Министрлер кабинетин бул окуяны тез арада иликтеп, жарандын өлүмүнүн себебин айтууга чакырган.