Ссылки доступа

Өзбекстанда коронавирус жуктургандар боюнча апрелден берки эң төмөнкү көрсөткүч катталды


13-декабрда Өзбекстанда 136 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул сутка ичинде COVID-19 жуктургандардын саны боюнча быйыл апрель айынан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 196 094кө жетти. Алардын ичинен 192 841 бейтап толугу менен айыкса, 1442 киши каза болду.

XS
SM
MD
LG