Ссылки доступа

Түркмөнстандын түштүгүндө алармандар ит менен эшектин этин издешүүдө


Түркмөнстандын Мары облусунда эшек жана ит сатып алууну көздөгөн алармандар пайда болду.

«Эки киши келди. Биринин жашы – 45-50, экинчисиники – 30-35 чамасында. Алар эшегимди сатууну сурашып, дароо мууздап, терисин сыйырып, ар бир килограмм эт үчүн 10 манат сунушташты»,- деди жергиликтүү тургундардын бири.

Айыл тургундарынын айтымында, үй ээлери эшектерин сатуудан баш тартканда алармандар алардан иттерин сурашкан.

«Алар менин жети жаштагы итимдин ар бир килограмм эти үчүн 10 манаттан сунушташты. Мен алардан эшек менен ит эмне себептен керек экенин сурадым. Кишилер ит багышарын, аларды эшектин эти менен багышарын айтышты. Мен алардан: “итти иттин эти менен тамактандырасыңарбы?” деп сурадым, алар иттердин этин Байрамалидеги түрмөдө отургандар үчүн чогултуп жатышканын айтышты»,- деди дагы бир жашоочу.

Түркмөнстанда базарларда жана башка соода жайларында эшектин жана иттин этин сатууга тыюу салынган.

Бул арада «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчылары акыркы күндөрү ит жана эшек уурдаган учурлар көбөйүп жатканын кабарлашууда.

XS
SM
MD
LG