Ссылки доступа

Укук коргоочулар Жаңы-Өзөн окуяларын эл аралык деңгээлде изилдөөгө чакырышууда


Казакстанда адам укугун коргогон бир нече уюм Жаңы-Өзөн окуясына байланыштуу эл аралык деңгээлде көз карандысыз иликтөө жүргүзүү боюнча чакырыкты колдошту.

Алар кыйноо колдонгондорду жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

15-декабрда жарыяланган билдирүүдө уюм өкүлдөрү 2011-2012-жылдары Жаңы-Өзөн окуяларына байланыштуу тергөө амалдары жүргүзүлүп, сот болгон кезде айыпталуучулардын кыйноо жөнүндө даттануулары каралбай калганын эске салышты. Алар “кызмат абалынан ашыра пайдаланганы үчүн” беш полиция кызматкери соттолгону менен “полициячыларга ок атууга ким буйрук бергени аныкталбай калганын” жазышты.

"Жаңы-Өзөн жана Шетпедеги кайгылуу окуялар кезинде мамлекет жай тургундарга ок атып, жарандардын өмүр сүрүү укугун бузуп, эркинен тышкары кармап, кишилердин кыйноого учурабай, адил соттолуу укугуна доо кетирди деп эсептейбиз", деп айтылган маалыматта.

2011-жылдын 16-декабрында Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жаракат алган. Эгемендүүлүк майрамын утурлай бийлик мунайчылардын нааразылыгына карабай, аянтта боз үйлөрдү тигип, 16-декабрда майрамдык иш-чара уюштурган. Күбөлөрдүн айтымында, салтанат учурунда чагым болуп, сахнадагы үн күчөткүч жана башка техникалар талкаланып, башаламандык башталган.

Полиция табелдик куралдан ок чыгарган. Бийлик муну башаламандыкты, бейбаштыкты жана талап-тоноочулукту токтотуу аракети катары мүнөздөгөн. Бирок шаардыктар тарткан видеолордон полиция качып бараткан адамдарды атканын көрүүгө болот. Иш таштаган мунайчылар менен аянтта жүргөн карапайым кишилер жабыркаган.

Назарбаев Жаңы-Өзөнгө трагедиядан бир нече күн өткөн соң барган. Ал эмгек жаңжалын курчутуп жиберген аткаминерлерди айыптап, кан төгүү үчүн жоопкерчиликти чет өлкөдөгү үчүнчү күчтөргө жүктөгөн, бирок аты-жөндөрүн атаган эмес.

Эл аралык коомчулук жана укук коргоочулар тобу Казакстанды Жаңы-Өзөн окуясын тыкыр жана бейтарап иликтөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG