Ссылки доступа

Орусияда 51 кишинин өмүрүн алган Листвяжная шахтасынын жетекчилери камалды


Орусиянын Тергөө комитети Кемеров облусундагы Листвяжная шахтасындагы кенчилердин өлүмүнө байланыштуу иштин алкагында "СДС-Уголь" холдингинин жетекчилигинин кармалганын тастыктады.

Буга чейин бул тууралуу “Сибирь.Реалии” басылмасынын укук коргоо органдарындагы булактары билдирген.

Кармалгандардын арасында шахтанын негизги ээси, "Сибирский деловой союздун" төрагасы Михаил Федяев, холдингдин башкы жана техникалык директорлору Геннадий Алексеев менен Антон Якутов, башкы инженер Анатолий Лобанов бар.

Аларга өндүрүш коопсуздугунун талаптарын бузуу, ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылды.

2-декабрда Орусия президенти Владимира Путиндин катышуусундагы жыйында Федяев менен Алексеев шахтадагы кенчилердин өлүмү үчүн жаза тартууга даяр экендиктерин билдиришкен.

25-ноябрда Листвяжная шахтасында метандын жарылуусунан 51 адам өлгөн. Алардын арасында 46 шахтер жана беш куткаруучу болгон.

Соңку 20 жылда Орусияда адам өмүрүн алган 23 шахта кырсыгы катталган. Алардын 14ү Кемеров облусунда болгон.

XS
SM
MD
LG