Ссылки доступа

Акылбек Жапаров Кумтөрдөн салык түшүп жатканын айтты


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мамлекеттик сатып алуулар" боюнча жаңы мыйзам долбоорун талкуулаган жыйында Кумтөр кенинен бюджетке түшкөн салык боюнча комментарий берди.

"Кумтөрдө баары жакшы, салык талап кылынган өлчөмдө төлөнүп жатат. 12 айдын ичинде алар жакшы сапаттагы алтынга жетишти. Буга чейин суу каптады деп айтылып келсе, азыр жок. Алар 1,5 тоннадан ашык жакшы сапаттагы алтынга жетишти. 12 айдын жыйынтыгында бардык пландар аткарылат деп ишенем".

"Азаттык" кабарлагандай, министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле компания геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жүгүртүүдөн 4% кошумча төлөй баштаганын, каражат бюджетке түшөрүн билдирди.

"Центерра бюджетке 13%, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна 1% төлөп келгени эсиңиздерде. Геологиялык чалгындоо иштерине дагы 4% жүгүртүү төлөнүп, бул каражаттар бюджетке түшүшү керек болчу. Бирок компания андай кылган эмес. Эми бул 4% төлөнүп баштады", - деп белгилеген Жапаров.

Ал президент Садыр Жапаров "Центерра Голд Инк" компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү ушул жылдын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырганын айтты.

14-декабрда Каржы министрлиги “Кумтөр Голд” ишканасы 2020-жылы республикалык бюджетке 9 млрд. 113,7 млн. сом төгүүнү пландап, 9 млрд. 618,7 млн. сом төккөнүн, 2021-жылдын 11 айында казынага 6 млрд. 998,8 млн. сом түшкөнүн маалымдаган.

"Кумтөр" алтын кенине тышкы башкаруу киргизилгенден бери казылган алтын тууралуу так маалымат бериле элек. Өндүрүлгөн алтын, тапкан пайда тууралуу маалымат угуу демилгеси парламенттин дээрлик ар бир сессиясында көтөрүлөт.

Кыргыз бийлиги "Кумтөр Голд" компаниясын өзү иштетип келаткан 2021-жылдын 17-майынан бери алтын өндүрүшү боюнча үч ирет учкай маалымат берди.

Кыргызстан Кумтөр алтын кенине ушул жылдын май айында тыштан башкаруу киргизип, көзөмөлдү толугу менен өз колуна алган.

Кенди иштетип келген канадалык "Центерра Голд Инк" компаниясы менен эл аралык арбитражда сот уланууда.

XS
SM
MD
LG