Ссылки доступа

Өзбек качкынын өлтүрүүгө шектелген ФСБ кызматкерлерине иш козголду


Орусияда өзбек качкыны Наби Рахимовду өлтүрүүгө шектелген ФСБ кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Крымская солидарность" кабарлады.

Басылма Рахимовдун сөөгү азыркыга чейин туугандарына бериле электигин кошумчалады.

Наби Рахимов – узак убакыттан бери Подмосковьеде жашаган өзбек качкыны. 2009-жылы Өзбекстанда "Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө болду деген айып менен иш козголгондон кийин ал Орусияга качып келген.

2013-жылы Рахимов Орусияда кармалган. Аны мекенине депортациялоону чечишкен, бирок Адам укуктары боюнча Европа соту бул чечимди жокко чыгарууну талап кылып, өзбек жаранына компенсация төлөп берүүнү сураган. 2015-жылы Рахимовдун үй-бүлөсү Подмосковьеден Орусия аннексиялаган Крымга көчүп келген.

11-майда Симферополдогу Дубки айлында ФСБ кызматкерлери өзбекстандык Наби Рахимов жашаган үйдө тинтүү жүргүзүп, аны атып салышкан. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал биринчи ок чыгарган. Тергөө комитети укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошол эле маалда Рахимов жашаган үйдө эмне себептен тинтүү жүргөнү айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG