Андан соң алар акимчиликтин алдындагы аянтка барышты. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысынын эсебинде акцияга жүзгө чукул адам катышты. Алар Жаңы-Өзөн окуясы үчүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди күнөөлөшүп, жай тургундарга ок чыгаргандар жазаланууга тийиш экенин билдиришти.
Жүрүштүн катышуучулары аянттагы Эгемендик монументине барып, сөз сүйлөштү.
Бул арада акимчиликтин жана прокуратуранын өкүлдөрү келишип, иш-чаранын мыйзамсыз экенин эскертишти.
Республика аянтында саат 11ден бери мобилдик интернет өчүк. Бул жерде көптөгөн полиция кызматкерлери жүрөт. Ага жакын жерлерде автозактар токтотулган.
Мындан тышкары Алматтыда Oyan, Qazaqstan жаштар кыймылынын ондогон өкүлдөрү Декабрь жана Жаңы-Өзөн окуяларынын курмандыктарынын элесине арнап, арт-перформанс өткөрүштү. Алар Казакстандын мыйзамга баш ийген жарандарын элестеткен ак күрмөлөрдү кийип алышкан. Күрмөлөрдүн артында бутанын символу бар.
Арт-перформанстын катышуучулары тулкуларына кызыл боек төгүштү – муну менен алар Казакстандын жаңы тарыхындагы кайгылуу окуялардын курмандыктарын чагылдырышты.
1986-жылы 17-18-декабрь күндөрү казак жаштары ал кезде советтик жумурияттын жетекчилигине Кремль тарабынан Геннадий Колбиндин дайындалышына нааразы болуп чыгышкан. СССРдеги эң ири акциялардын бири катары тарыхка кирген митингдер күч менен басылган.
2011-жылы 16-декабрда Жаңы-Өзөн шаарындагы мунайчылардын бир нече айлык иш таштоосу кан төгүү менен коштолгон. Тынч митингдин катышуучуларына каршы ок атышканда расмий маалымат боюнча 17 киши курман болгон. Жергиликтүү тургундар курман болгондор андан көп дешет.