Ссылки доступа

Алматыда активист жана мурдагы саясий туткун Алмат Жумагулов кармалды


Алматыда полиция активист Алмат Жумагуловду кармап кетти. Бул тууралуу укук коргоочу Бакытжан Торегожина кабарлады.

Активисттин жубайы Асель Копбосынованын айтымында, 16-декабрь күнү таң эрте Алматы облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Алмат Жумагуловду дүкөнгө чыккан маалда кармап кетишкен.

Алматы облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү Алмат Жумагуловдун полицияга жеткирилгенин ырастады. Бирок себебин түшүндүргөн жок.

Жумагулов 2017-жылы ноябрда банктардын биринде күзөтчү болуп иштеген Кенжебек Абишев аттуу жаран менен бирге кармалган. 2018-жылы декабрда Алматы шаардык соту Алмат Жумагуловду "Терроризмди пропагандалоо" жана "Улут аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Кенжебек Абишев "терроризмди пропагандалоо" айыбы менен жети жылга соттолгон. Алар айыптоолорду четке кагышкан. Казакстандагы бир катар укук коргоо уюмдары Алмат Жумагулов менен Кенжебек Абишевди саясий туткун деп таанышкан.

2020-жылы жазында Капшагай шаардык соту мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү эс алып, Жумагуловдун жаза мөөнөтүн 8 ай 26 күнгө, Абишевдикин сегиз айга кыскарткан. Учурда ал пробациялык көзөмөлдө.

XS
SM
MD
LG