Ссылки доступа

Европада "Омикрон" коронавирустун негизги штаммына айланат


"Омикрон" варианты январь жана февраль айларында Европа Биримдигинде коронавирустун негизги штаммына айланат.

Бул тууралуу Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча европалык борбор 15-декабрда билдирди. Буга чейин чөлкөмдө COVID-19дун "Дельта" варианты үстөмдүк кылып жаткан.

Азырынча "Омикрон" штаммынын адам организмине таасири тууралуу маалымат чектелүү. Баштапкы изилдөөлөр ишарат кылгандай, бул варианттын симптомдору COVID-19дун башка штаммдарына салыштырмалуу жеңилирээк болушу мүмкүн. Бирок "Омикрондун" адам өлүмүнө алып келүү ыктымалдыгы канчалык жогору же төмөн экени толук белгисиз.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча европалык борбор эскерткендей, "Омикрон" өтө жугуштуу жана айрым вакциналардын таасирин азайтып коюшу мүмкүн. Ошондой эле илдет оор өткөн бейтаптардын санын көбөйтүп коюшу ыктымал.

"Европадагы өлкөлөр "Дельтанын" олуттуу таасири менен алпурушуп жатат. Ооруканага түшкөндөрдүн санынын дагы көбөйүшү саламаттыкты сактоо тармагын тез арада чыңалтып коет", - деп айтылат борбордун билдирүүсүндө.

Европадагы бир катар мамлекеттер коронавируска каршы эмдөөдөн өтө элек жарандарды вакцина алууга чакырууда. 15-декабрда Хорватия, Германия, Грекия, Испания сыяктуу Европанын айрым өлкөлөрүндө 5тен 11 жашка чейинки балдар эмдөөдөн өтө баштады.

XS
SM
MD
LG