Ссылки доступа

Казакстанда бир нече активист кармалып, кайра бошотулду


16-декабрда алматылык активисттер Диана Баймагамбетова менен Асхат Берсалимов кармалып, бир нече сааттан кийин кайра бошотулду. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Баймагамбетованын жакын досу Дидар Каировдун айтымында, полиция кызматкерлери Диана экөөнү анын жумушунан кармап кетишкен. Бир нече сааттан кийин эч кандай айып такпастан эле кайра кое беришкен.

— Бизди беш автоунаа менен келген 10-15 киши Алатау полиция бөлүмүнө алып кетишти. Себептерин түшүндүрүшкөн жок. Суроолорду берип, суракка алышты. Эки сааттан кийин кое беришти, — деди Каиров.

Маалыматка караганда, активист Асхат Берсалимов нааразылык акциясы өтүп жаткан жерге жакын жайгашкан Абай жана Желтоксат проспектилеринин кесилишинде кармалган.

Активист Facеbook баракчасына полиция кызматкерлери каалоочуларды аянтка өткөрбөй жатканы тартылган видеону жайгаштырган. Андан соң активист кармалып, беш сааттан кийин бошотулган.

"Алар протоколго кол коюшумду талап кылышты. Мен баш тарттым", — деди Берсалимов.

Буга чейин аянтка жакын жерде полиция Oyan, Qazaqstan деп аталган жаштар кыймылынын үч активистин кармап кеткен. Алар да Алатау полиция бөлүмүнө жеткирилип, көп өтпөй кайра бошотулган. Кармалгандардын бири Бейбарыс Толымбеков полиция кызматкерлери анын рюкзагындагы арт-перформанс үчүн даярдалган комбинензондор менен боёкторду алып коюшканын билдирди.

Бейшемби күнү эртең менен алматылык дагы бир активист Алмат Жумагулов кармалган. Анын жубайы Асель Копбосынова 16-декабрь күнү кечки саат беште күйөөсү дале бошотула элек экенин билдирген.

16-декабрда түшкө чейин Орол шаарынын ар кайсыл райондорунда жашаган активисттер Бекболат Утебаев, Сандугаш Мукамбетжанов жана Василий Хасанов үйлөрүнөн чыгып баратканда кармалышкан. Шаардык полиция департаментинен үч активист тең күбө катары суракка алынгандан кийин кое берилгенин билдиришти. Мекеменин өкүлдөрү активисттер кайсыл иш боюнча суралганын айтышкан жок.

Бекболат Утебаев полиция бөлүмүнөн чыккандан кийин андан аятка барбоону талап кылышканын айтты. "Аянтка чыкпа деп эскертишти. Бүгүн мени митингге бардырбаш үчүн атайылап үч саат кармап турушту", — деди Утебаев.

16-декабрда Казакстандын шаарларында 1986-жылы Алматыда жана 2011-жылы Жаңы-Өзөндө болгон окуялардын курмандыктары эскерилди. Активисттер эстеликтерге гүл коюп, куран окушту. Алматыда каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын тарапташтары эскерүү иш-чарасынан кийин "Республика" аянтына жөө жүрүш жасап, Эгемендик монументинин алдында акция өткөрүштү. Анын катышуучулары казак тарыхынын кайгылуу барактары тууралуу чындык ачылбаган бойдон калып жатканын айтышты. Күндүз Эгемендик аянтында мобилдик интернет иштебей, көптөгөн полиция кызматкерлери жүрүштү.

Алматы шаарында Oyan, Qazaqstan кыймылынын ондогон өкүлү Декабрь жана Жаңы-Өзөн окуяларынын курмандыктарынын элесине арнап арт-перформанс өткөрүштү. Алар Казакстандын мыйзамга баш ийген жарандарын элестеткен ак күрмөлөрдү кийип алышкан. Күрмөлөрдүн артында бутанын символу бар.

Арт-перформанстын катышуучулары тулкуларына кызыл боек төгүштү – муну менен алар Казакстандын жаңы тарыхындагы кайгылуу окуялардын курмандыктарын чагылдырышты.

Казакстанда ыктымал нааразылык акциялардын алдында активисттердин кармалышы кадимки көрүшкө айланган. 16-декабрга чейин өлкөдө 20га жакын активист "Тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу" беренеси боюнча айыпталып, камакка алынган.

XS
SM
MD
LG