Ссылки доступа

Москвада өзбекстандык тиш доктурга бычак менен кол салуу болду (видео)


Жамол Адилов

Москванын түндүгүндө жайгашкан Түштүк Медведков районундагы жеке стоматологиялык клиникада өзбекстандык тиш доктурга бычак менен кол салуу болду.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 40 жаштагы Жамол Адиловго кол салуу 13-декабрда болуп, анын курсагына бычак сайылган.

Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаардык башкармалыгы бул окуя боюнча "Өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Окуя болгон клиниканын башчысы "Озодлик" радиосуна берген маегинде кол салган адам алты ай мурда алардын клиникасында тишин дарылатып кеткенин билдирди.

– Ал киши биздин клиникага болжол менен түшкү саат экилерде келген, доктурларга алдын ала жазылган эмес. Жамол Адилов иш бөлмөсүнөн чыкканда ал биздин кызматкерлерге ага ким керек экенин түшүндүрүп бере албай жаткан. Ал Жамолду көрөрү менен "Мага ушул киши керек" деп туруп, баштыктан бычак алып чыгып кол салды. Бычак биздин кызматкердин курсагына 7-8 сантиметр кирип кеткендиктен ал дароо ооруканага жеткирилди. Кол салган кишинин тишин алты ай мурда Елена деген кызматкерибиз дарылаган. Иш учуранда ал Жамолдон анын тишин кантип дарылоо керектиги боюнча кеңеш сураган. Жамол бейтаптын тиши чирип калганын айтып, аны жулуп салып, ордуна имплант салууну сунуштаган, – деди клиника башчысы.

Анын айтымында, сурак маалында айыпталуучу тиш доктурду "азербайжандыкка окшоштургандыктан улам" ага кол салганын айткан.

–​ Суракта тергөөчү айыпталуучудан тиш доктурга эмнеге кол салганын сурады. Ал "Мен аны азербайжандык экен деп ойлогом" деп жооп берди. Ал киши Жамол азербайжандыкка окшош болгон үчүн эле кол салыптыр", - деди Бабур.

Аталган клиниканын дарыгерлери бул окуя боюнча орусиялык ЖМКлар "клиника сапатсыз медициналык кызматтарды көрсөтүп, бейтаптарды алдып келген" деген туура эмес маалымат таратканына даттанууда.

Тергөө комитетинин Москва шаардык башкармалыгынан дарыгерге кол салган адам ошол эле күнү кармалганын билдиришти.

– Кол салган киши 1961-жылы төрөлгөн жаран экен, ал дароо эле кармалган. Азыр тергөөчүлөр айыпталуучуну жана күбөлөрдү суракка алып жатышат. Жабырлануучуга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Азыр анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок", - деди башкармалыктын басма сөз катчысы Юлия Иванова.

Ал ортодо өзбекстандык тиш доктурга кол салган адам 60 жаштагы Мурат Оганесян аттуу белгилүү кинопродюсер экени аныкталды. Ал полиция бөлүмүндө клиника кызматкерлери салып берген тишинин сапаты жакпай калганын айткан.

Кийинчерээк Мурат Оганесян "Сволочи" деген чуулуу тасманы чыгарган "Парадиз" аттуу продюсердик борбордун мурдагы башкы директору экени белгилүү болду.

"Комсомольская правда" гезити өз булактарына таянып, Оганесяндын компаниясы өлкөдөгү экономикалык каатчылыктан улам эки жыл мурда бокрот болгонун жазды.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG