Ссылки доступа

Ташкентте Ирандын гимнине байланыштуу чыр чыкты


15-декабрда Ташкентте өтүп жаткан оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты Ирандын гимнине байланыштуу жаңжал менен коштолду. Иран спортчуларын сыйлоо учурунда Иран Ислам Республикасынын гимнинин ордуна Мухаммед Реза Пехлевинин тушундагы гимн жаңырды.

7-декабрда Ташкентте оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатында 102 килограмм салмакта ирандык Массул Мотамеди алтын, анын жердеши Амир Хавуги коло медаль утуп алган.

Сыйлык тапшыруу аземи учурунда иран оор атлетчилери "Стоп!" деп кыйкыруу менен чемпионаттын уюштуруучуларын гимнди токтотууга чакырышкан.

"Азаттык" радиосунун иран кызматы кабарлагандай, 42 жыл мурун тактан түшүрүлгөн Мухаммед Реза Пехлевинин тушундагы гимн жаңыргандан кийин Иран телеканалы Ташкенттеги аземди түз алып көрсөтүүнү токтотуп, эфирди бир нече мүнөттөн кийин гана калыбына келтирди.

DPA агенттиги Иранда Пехлевинин атын атоого тыюу салынганын, Ташкентте болгон окуя ирандыктардын нааразылыгын жаратып жатканын жазды.

15-декабрда Өзбекстандын Оор атлетика боюнча федерациясы спортчуларды сыйлоо учурундагы жагымсыз окуя иран тараптын алешемдигинен улам болгонун билдирди.

– Иран тарап эски гимнди берип койгон, биздикилер болсо эмнени алышса, ошону коюшкан. Салтанаттуу иш-чараларда гимн үчүн жооптуу кишилер кайсы гимн жаңы, кайсы гимн эски экенин билишпейт да, – деди федерациянын өкүлү.

Быйыл ноябрь айында Нур-Султанда өткөн баскетбол боюнча дүйнө чемпионатында Сирия курамасы үчүн Ирандын гимни коюлуп калган. Сириянын Баскетбол федерациясынын башчысы Тариф Кутраш казак тарап айыпка жыгыла турганын билдирген.

8-декабрда Испанияда өткөн гандбол боюнча дүйнө чемпионатында Казакстан менен Иран аялдар курамасы мелдешер алдында Казакстандын эски гимни жаңырган. Бирок казакстандык спортчулар апкаарып калбастан, өлкөнүн жаңы гимнин өздөрү аткарышкан.

XS
SM
MD
LG