Хайдаров эң чоң дойраны эки айдын ичинде жасаган, бирок ага чейин даярдык иштерине дээрлик бир жыл убактысын короткон: музыкалык аспапты жасоого керектүү болгон уй терисинин бүтүн бөлүгүн кыйынчылык менен тапкан.
Устанын айтымында, бул анын үчүнчү эмгеги. Ал жасаган алгачкы эки дойранын диаметри 1,5 метрди түзгөн. Алардын бирөөнү өлкө президентине белек кылган. Ал үчүн ага 15 миң сомони төлөп беришкен. Алгачкы эмгеги Тажикстандын Улуттук музейиндеги музыкалык аспаптар залынын негизги экспонаты болуп эсептелет.
Хайдаров музыкалык аспаптарды өзүнүн анча чоң эмес үйүндө жасайт: анын бир канча жолку кайрылууларына карабастан, жергиликтүү бийлик ага дүкөн же цех ачууга жер тилкесин бербей келет.
«Үйүм өтө эле тар – короону кошуп эсептегенде жалпы аянты болгону 2 сотыхтан ашык. Кудайга шүгүр, төрт балам бар. Бирок мен колдонуп жаткан аспаптар алар үчүн кооптуу болуп эсептелет», — деди ал.
Хайдаров най (флейта), дутар, дойра, лабчанг өңдүү музыкалык аспаптардын 13 түрүн жасайт. Анын айтымында, бул эмгектери АКШ, Израиль жана башка Европа өлкөлөрүнөн келген туристтердин арасында чоң суроо-талапка ээ.