Ссылки доступа

Тоолуу Бадахшанда өлтүрүлгөн Гүлбиддин Зиёбековдун сөөгү эксгумацияланды


Гүлбиддин Зиёбеков.

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусуна караштуу Рошткалин районунун жашоочусу, 25-ноябрда укук коргоо органдарынын атайын операциясы учурунда өлтүрүлгөн Гүлбиддин Зиёбековдун сөөгү кайрадан экспертиза жүргүзүү үчүн эксгумацияланды.

Гүлбиддин Зиёбековдун туугандары “Озоди” радиосуна билдиргендей, сотттук-медициналык эксперттер сөөктө дагы эки ок калганын, иликтөө жүргүзүү үчүн аны көрдөн алып чыгуу керектигин айтышкан.

Гүлбиддин Зиёбековдун агасы Интизор Зиёбеков сөөк 11-декабрда кайра казылып алынганын, буга тергөөнүн адилеттүүлүгүн камсыздоо үчүн барышканын билдирди.

“Алар дагы эмне тапканы жана кандай бүтүмгө келгени алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот. Эксгумация учурунда сотмедэксперттер менен бирге жарандык коомдун өкүлү болду”, - деди ал.

Жарандык коом өкүлдөрү бийликтен 25-28-ноябрдагы окуяларда эмне себептен көздөн жаш агызуучу газ, союл, резина ок эмес, дароо ок атуучу курал колдонулганын түшүндүрүп берүүнү талап кылышууда.

25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Тоолуу Бадахшан облусунун Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, жергиликтүү тургун Гүлбиддин Зиебеков жок кылынган. Андан кийин жүздөгөн адам Хорог шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдына чогулуп, Зиебековду өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан.

Прокуратура райондо "барымтага алуу жана улут аралык араздашууну козуткан" деген айып менен издөөдө жүргөн Зиебековду кармоо операциясы болгонун тастыктады. Көзөмөл органы тараткан билдирүүдө Зиебеков укук коргоо органдарына тапанчадан атканы, ага каршы кызматкерлер ок чыгарууга аргасыз болгону айтылат.

Видео

Видео

Жагымдуу жылмайган Ameca роботу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00
XS
SM
MD
LG