Ссылки доступа

Өзбекстан Мазари-Шарифтеги аэропортту калыбына келтирүү үчүн өз адистерин жөнөттү


Өзбекстан Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарына өз адистерин жөнөттү. Алар калаадагы аэропорттун жабдууларын оңдоп, анын ишинин калыптанышына көмөк көрсөтүшөт.

17-декабрда Өзбекстандын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматилла Иргашев техникалык адистер өз ишин келерки жылдын башында аякташарын билдирди.

Буга чейин Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы БУУнун гуманитардык хабындагы жүк Ооганстанга жеткирилген. Термез Карго Борбору өзбек-ооган чек арасына эки чакырым аралыкта жайгашкан. Гуманитардык жүктө турмуш-тиричиликке керектүү 40 тонна буюм болгон.

БУУнун маалыматына караганда, Ооганстан гуманитардык катастрофа алында турат. Калктын жарымынан көбү кышында ачка калуу коркунучунда.

XS
SM
MD
LG