Ссылки доступа

Ташкентте тазалык кызматкерлери айлык акынын азайышына нааразылык билдиришти (видео)


Ташкенттин Чилназар райондук көрктөндүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери айлык акынын кыскартылышы жана кечиктирилип берилиши боюнча нааразылык билдиришти.

Соцтармактарда тараган видеодон жумушчулар райондук администрациянын алдында нааразылык акциясына чогулганын көрүүгө болот.

“Буга чейин 300 миң сумдан кармашкан. Аванс жок, майрамдык төлөмдөр жок. Алар биздин эмгекти колдонушту билишет, бирок маяна тууралуу унутуп калышкан. Бизде кийим кече которо турган бөлмө жок. Баары бизди жектеп турушат. Ажатканага киргизишпейт, ашканада бир чыны чай беришпейт”, – деди Чилназар райондук көрктөндүрүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин бири.

Кийинчерээк Чилназар районунун акими Шавкат Мавлонов нааразы жумушчулар менен жолугушту. Райондук администрациянын маалымат кызматы кызматкерлердин айлык акысы төлөнүп берилерин кабарлады. Мындан тышкары аким көрктөндүрүү кызматкерлерин транспорт менен камсыздоону, айлык акыны үчүнчү разряд менен эсептөөнү жана сый акы төлөп берүүнү камсыздоону тапшырганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG