Ссылки доступа

Өзбекстанда камактагы аялды зордуктаган тергөө изоляторунун башчысы 5 жылга соттолду


Өзбекстандын Жизак облусунун Заамин районунда камактагы аялды жыныстык катнашка мажбурлаган тергөө изоляторунун башчысына өкүм чыкты.

Зарбдар райондук сотунун өкүмү менен Журабек Шодиев 5 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын жатак абакта өтөйт.

Жабырлануучу соттун өкүмүнө нааразы экенин билдирди.

Зарбдар райондук сотунун маалымат кызматы өкүмдү даттануу мөөнөтү бүтө элек экенин белгиледи.

Алдамчылык шеги менен тергөө изоляторуна кармалган аял 21-июлда абактын жетекчиси Журабек Шодиев тарабынан зордукталганын билдирип, прокуратурага арыз жазган. 31-августта тергөө изоляторунун башчысы камалган.

Жакында Өзбекстандын Юстиция министрлиги кыздар менен аялдарды асылуу жана зордуктоодон коргоо үчүн мыйзамдарды катаалдаштыра турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG