Ссылки доступа

Тажик бийлиги БУУнун дарыгер Хуршед Бобокалонов боюнча талабын аткарган жок


«Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбор» БУУнун Адам укуктарын коргоо комитетине  кайрылып, Тажикстан бийлиги дарыгер Хуршед Бобокалоновдун өлүмүнүн себебин иликтөөнү жандандыруу боюнча чакырыкка көңүл бурбаганын билдирди.

«Бир жыл өттү, бирок бул пункттардын бири да аткарылган жок. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети тажик бийлигин иликтөөнү жандандырууга жана үч ай аралыгында компенсация төлөп берүүгө чакырган», - деп айтылат катта.

Душанбедеги онкологиялык борбордун дарыгери Хуршед Бобокалонов 2009-жылы 27-июнда сырдуу жагдайга каза болгон. Кечинде көчөдө бараткан дарыгерди милиция кызматкерлери токтотуп, спорттук сумкасынын ичин көрсөтүүнү талап кылышкан. Ал баш тарткан соң милиция бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгердин өлгөнү кийинки күнү белгилүү болгон. Маркумдун апасы уулу ур-токмоктон өлгөнү боюнча бир нече жолу арыз жазган, бирок тажик бийлиги онколог дарыгердин жүрөгү кармап өлгөнүн билдирген.

Былтыр БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Тажикстан бийлиги эл аралык милдеттенмелерин аткарбай, аялдын жана анын уулунун укуктарын одоно түрдө бузганын жазган. Укук коргоочулар трагедиянын калыс жана адилет иликтенүүсүн талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG