Ссылки доступа

Өзбекстанда ашканада газ жарылып, он киши жаракат алды


19-декабрда Самарканд облусунун Акдарыя районундагы "Лазат" ашканасында газ жарылып, 10 киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ашкананын тамак жасоочу бөлмөсүндөгү пропан куюлган эки баллондун бирөө жарылган. Ал маалда ашканада тамактанып жаткан кардарлар болгон.

Жарылуудан он киши жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары тамак жасоочу бөлмөнүн 40 чарчы метрге жакын жеринин шыбы жана эмеректери өрттөнгөн.

Учурда бул факты боюнча болжолдуу тергөө иштери жүрүүдө.

Видео

Видео

Жагымдуу жылмайган Ameca роботу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00
XS
SM
MD
LG