Бухара шаарынын тарыхый борборундагы эң ири архитектуралык ансамбль болуп эсептелген "Гавкушон" медресеси XVI кылымда Шейбанилер династиясындагы Абдулла хан IIнин башкаруусу маалында курулган. Бул тарыхый имарат 1997-жылы ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган.
Акыркы 50 жылдан бери медреседе бухаралык жезчилердин "Кандакор" кол өнөрчүлүк борбору жайгашып келген. Анда иштеген усталар шаар бийлиги медресенин имаратын жеке фирмага мыйзамсыз берген деп эсептешүүдө.
"Бул жерде биздин цех жана кол өнөрчүлөрдү бекер окутуучу борборубуз жайгашкан. Бизге дайыма чет өлкөлүк туристтер келип турушчу. Акимчилик эч кандай эскертүүсүз эле имаратты "Асилбек нури" деген жеке компанияга берип койду. Одоно айтканда сатып жиберди. Ал компания бул жерде мейманкана ачууну пландап, имараттын бир бөлүгүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө да жетишкен. Бирок мындай кылууга таптакыр тыюу салынган, дубалдарына мык урууга да болбойт. Анткени медресе ЮНЕСКОнун коргоосундагы имарат. Биз аны 50 жыл бою көздүн карегиндей сактап келгенбиз. Азыр 20дан ашык уста көчөдө калды", — деди Рахматилло Кулиев аттуу жергиликтүү жезчи.
Өзбекстандын Туризм жана спорт министрлиги "Гавкушон" медресеси "Асилбек нури" деген компанияга ижарага берилгенин ырастады. Мекеменин өкүлү имаратта реставрациялык иштер жүргүзүлгөнүн, тынчсызданууга эч кандай негиз жок экенин билдирди.
"Гавкушон" медресеси толугу менен биздин коргообузда. Бул имаратка зыян келет деп тынчсызданууга негиз жок. Ал жерге эч ким мейманкана курбайт. Мындай сунушка биздин министр караманча каршы. Бирок "Кандакор" ишканасы ижара тууралуу тиешелүү келишим жок эле медресенин 82 чарчы метрин ээлеп келет. Мындан тышкары алар ал жерге чайхана ачып алышкан", — деди министрликтин аты-жөнүн айткысы келбеген өкүлү.
Рахматилло Кулиев медреседе чайхана бар экенин ырастап, бирок ал чет өлкөлүк туристтер үчүн ачылганын билдирди.
"Ал жерде чайхана ачканыбыз чын. Биз мындай кадамга туристтерди тартуу максатында барганбыз. Ошол эле маалда чайхана уюштурууда имаратка эч кандай зыян келтирилген эмес. Биз ал чайханада бийликтин уруксаты менен дайыма мамлекеттик фестивалдарды өткөрүп келчүбүз. Буга чейин эч ким эч нерсе дечү эмес, азыр гана медресени алгылары келип калды. Анткени бул жерде дайыма туристтер көп болот", — деди Кулиев.
Документтерге ылайык, 2019-жылы апрелде Бухара шаарынын мэриясы "Гавкушон" медресесинин 529,36 чарчы метрин "Асилбек нури" компаниясына беш жылга ижарага берген. Документте аталган фирма имараттын ижарага алган бөлүгүндө жеңил реконструкция жана оңдоо иштерин жүргүзгөнү жазылган.
Бирок калаа бийлиги бухаралык активисттер менен искусство таануучулардын нааразылыган кийин медресе имаратында мейманкана ачуу планынан баш тарткан.