25-ноябрда Тажикстандын атайын кызматы жүргүзгөн операция маалында 29 жаштагы Гулбиддин Зиёбековдун өлтүрүлүшү Хорогдун тургундарынын нааразылыгын жаратып, алар төрт күн митинг өткөрүшкөн.
Активисттердин кайрылуусунда бүгүнкү күндө Хорогдогу митинг маалында укук коргоо кызматкерлеринин сабалышы боюнча гана кылмыш иши козголгону белгиленип, ошол эле маалда "эки жарандын каза болгону жана 17 кишинин жаракат алганы боюнча эч кандай сөз жок экени" айтылган.
"Бадахшандын толеранттуу эли дайыма бардык кыйынчылыктарды башын бийик көтөрүү менен жеңип, башка аймактарга салыштырмалуу азык-түлүктүн, күйүүчү майдын, электр энергиясынын баасы жогору болгонуна жана өлкөдөгү эң начар жолдор биздин аймакта экенине карабастан, мамлекет башчынын саясатын колдоп келген. Бирок анча оор эмес кылмыш үчүн жергиликтүү тургундарды чак түштө өлтүрүп, элди социалдык түйүндөр жана ЖМКлар аркылуу каралап, билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлерге жана ишкерлерге кысым көрсөтүү — чыдамдуулук менен толеранттуулуктун бардык чектерин бузуп жатат", — деп айтылат кайрылууда.
Жарандык активисттер парламент төрагасын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы абалды жана андагы туруктуулук менен тынчтык маселесин парламенттин жогорку палатасынын жыйынында талкуулоого чакырышкан.
Буга чейин бийлик нааразылык акциянын катышуучулары милиция кызматкерлеринин куралын тартып алууга аракет кылганын, буга байланыштуу аларга каршы курал колдонулганын билдирген.
Президенттин уулу Рустами Эмомали Душанбенин мэри жана өлкө парламентинин жогорку палатасынын төрагасы кызматтарында иштейт. Ал расмий түрдө Тажикстанда атасы Эмомали Рахмондон кийинки экинчи киши болуп эсептелет жана өлкө ичиндеги маселелердин чечилишине кийлигишүүгө укуктуу. Ошондуктан жарандык активисттер Рахмондун уулуна кайрылууну чечишкен.
Өткөн жумада Бадахшандагы активисттер бийликти Хорогдогу окуялар тууралуу бир жактуу маалымат таратууну токтотууга чакырышкан. Алардын айтымында, билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлер менен ишкерлер жергиликтүү телеканал аркылуу Хорогдогу митингди айыптоого жана анын уюштуруучуларын кылмышкер деп атоого мажбурланып жатышат.
25-ноябрда Тоолуу Бадахшандын Шохдар айылында милиция менен аскер күчтөрүнүн атайын операциясы учурунда 29 жаштагы Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин облус тургундары митингге чыккан. Алар маркумдун сөөгүн облустун акимчилигинин алдына алып келип, бийликтен күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышкан. Каршылык акциясы төрт күнгө созулуп, облус жетекчилиги окуяны тыкыр иликтөөгө убада бергенден кийин гана тараган.
Прокуратура райондо "барымтага алуу жана улут аралык араздашууну козуткан" деген айып менен издөөдө жүргөн Зиебековду кармоо операциясы болгонун тастыктаган. Көзөмөл органы тараткан билдирүүдө Зиебеков укук коргоо органдарына тапанчадан атканы, ага каршы кызматкерлер ок чыгарууга аргасыз болгону айтылат.