Ссылки доступа

Казакстанда камакка алынган башкы дарыгерди колдоо акциясы өттү


21-декабрда Казакстандын Жогорку сотунун алдында Алматы шаардык полиция департаментинин бейтапканасынын башкы дарыгери Алия Сармасаеваны колдоо акциясы өттү.

Анын кыздары — Айжан жана Салтанат Сармасаевалар — апасы жалган жалаанын курмандыгы болуп калганын билдиришти. Алар Жогорку соттун төрагасы Жакип Асановго кайрылып, аны бул ишти өз көзөмөлүнө алууга жана шектүүнү бошотууга чакырышты. Сармасаеванын кыздары сот имаратанын кире беришинде "адилеттүүлүк менен эркиндиктин" символу катары асманга эки ак көгүчкөндү учурушту.

"Апамды камакка алууга эч кандай негиз жок болчу. Ал буга чейин тергөө органдарынын талабы менен суракка барып турган. Биз аны бошотууга аракет кылабыз. Апам 36 жылдык тажрыйбасы бар дарыгер, ал жогорку социалдык макамга ээ. Мындай адамдарды кылмыш кылган деп айыптоо акылга сыйбайт", — деди шектүүнүн кыздарынын бири.

14-декабрда Алматы шаардык полиция департаментинин бейтапканасынын башкы дарыгери Алия Сармасаева пара алууга шектелип кармалганы кабарланган. Тергөө органдары Сармасаева "убактылуу ишке жараксыз деген баракчаларды ачуу жана жабуу үчүн бир нече жолу" пара алганын билдирген.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, шектүү декабрдын башында эки айга камакка алынган.

Азырынча өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул иш боюнча эч кандай комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG