Ссылки доступа

Өзбекстан Кабул-Пешавар темир жолунун курулушун 2022-жылы жазында баштайт


Өзбекстан Кабул-Пешавар темир жолунун курулушун 2022-жылы жазында баштоого даяр. Бул тууралуу 20-декабрда Пакистандын The News International басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул маселе Пакистандын баш калаасы Исламабад шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде “Талибандын” тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Ильхом Махкамовдун ортосунда талкууланды.

Ооганстандын баш калаасы Кабул менен Пакистандын Пешавар шаарын байланыштырган темир жолдун курулушу 4,8 миллиард долларга бааланууда. Анын жалпы узундугу 573 чакырымды түзөт.

Жакынкы күндөрү бул маселенин техникалык жактарын талкуулоо үчүн Ташкентке талибдердин делегациясы келет деп күтүлүүдө.

Кабул-Пешавар темир жолун куруу долбоору тууралуу 2018-жылы жарыяланып, курулуш иштери 2021-жылы октябрда баштала турганы кабарланган.

Бирок 15-августта Ооганстанда бийликти талибдер басып алганына байланыштуу долбоорду ишке ашыруу кийинкиге жылдырылган.

XS
SM
MD
LG