Ссылки доступа

YouTube Тажикстандагы оппозициялык каналды бир суткадан кийин кайра бөгөттөн чыгарды


Мухаммадикболи Садриддин
Мухаммадикболи Садриддин

YouTube тажикстандык оппозициячы Мухаммадикболи Садриддинге таандык Ислох ТВ каналын бир суткадан кийин кайра бөгөттөн чыгарды.

YouTube канал кемсинтүү жана коркутуулар бар контент жарыялагандыгы тууралуу көптөгөн даттануулардан кийин "эрежелерди бузганы үчүн" бөгөттөлгөнүн билдирди.

21-декабрда "Озоди" радиосунун кабарчысы менен сүйлөшкөн Садриддин акыркы эки күндөн бери сайтка чабуулдар болуп, YouTube текшерүүлөр аяктаганга чейин Ислох ТВ каналын бөгөттөй туруу чечимин кабыл алганын билдирди. Анын айтымында, канал бир суткадан кийин Ислох ТВнын дарегине айтылган айыптоолордун бардыгы четке кагылгандан соң бөгөттөн чыгарылган.

"Бул биздин макалаларга нааразы болгон тажик аткаминерлеринин иши экенин билебиз. Өз каталарын оңдоп, сабак алуунун ордуна алар биздин каналды жаптыруу үчүн бардык аракеттерин көрүп жатышат", - деди Садриддин.

Ислох ТВ каналынын 150 миңден ашык катталуучусу бар. Анда тажик аткаминерлеринин айыбын ачкан курч видеосюжеттер жарыяланып келет. Бийлик менен өкмөтчүл эксперттер Садриддинди журналисттик этиканы сактабайт деп айыптап келишет. Алардын айтымында, "Ислох.нет" сайты менен Ислох ТВ каналы такталбаган маалыматтарды таратып, элди тажик бийлигине каршы тукурат. Буга чейин Тажикстанда Ислох ТВ каналы менен кызматташканы үчүн бир нече киши кармалып, соттолгон.

Мухаммадикболи Садриддинге Европа өлкөлөрүнүн биринде саясий башкалка берилген. Ал акыркы бир нече жылдан бери оппозициялык "Ислох.нет" сайты менен YouTube’дагы Ислох ТВ каналынын башкы редактору болуп иштеп келет. Садриддин Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" мурдагы жетекчилеринин бири Каландар Садуридинзоданын уулу.

"Ислох.нет" сайты тажик бийлигинин саясатын сындап, жогорку кызмат адамдарынын абийирин ачкан коррупция тууралуу макалаларды, ошондой эле Тажикстандын көптөгөн көйгөлөрү тууралуу кабарларды жарыялап келет.

Өткөн жылы октябрда Тажикстандын Башкы прокуратурасы Мухаммадикболи Садриддинге каршы "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, оппозициялык журналист өлкөнүн үч жаранынан 430 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты алдап алган. Өз кезегинде Садриддин бул айыптоону четке кагып, тескерисинче ал өзү ири суммадагы аласасын ала албай жүргөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG