Ссылки доступа

Талибан Ооганстандын тоңдурулган каражатын кайтарууну талап кылган митингге уруксат берди


Кабулда Эл аралык коомчулук тоңдурган Ооганстандын миллиарддаган долларын кайтарып берүү талабы менен жүздөгөн жаран демонстрацияга чыкты.

Бул акцияга Талибан өкмөтү уруксат берип, анын катышуучуларынын коопсуздугун талиб жоочулары камсыздады.

Нааразылыкка чыккандар АКШнын Кабулдагы элчилигине барып, "Биз да жегибиз келет" жана "Тоңдурулган акчабызды кайтарып бергиле" деп кыйкырышты.

15-августта Ооганстанды талибдер басып алгандан кийин эл аралык уюмдар жана бир катар өлкөлөр Кабулга таандык активдерди тоңдуруп койгон. Муну менен катар Ооганстанга каржылай жардам берүүнү да токтотушкан.

Талибан ушул убакытка чейин өзүнүн саясатына каршы митинг уюштургандарга тыюу салып келген.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG