Ссылки доступа

Өзбекстанда жыл аягына чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 70 доллардан берилет


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Калктын аз камсыз болгон бөлүгүн колдоо жана социалдык коргоону күчөтүү тууралуу" токтомго кол койду. Бул тууралуу президенттик администрацияга жакын "Нигох" Telegram-каналы кабарлады.

Документке ылайык, быйыл декабрда төмөнкү категориядагы үй-бүлөлөр 800 миң сум (73 доллар) өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам алышат:

  • 2021-жылдын ичинде "Темир дептердеги" тизмеге кошулган үй-бүлөлөр;
  • 18 жашка чыга эле баласы бар жана багуучусун жоготкону үчүн пенсия же жөлөк пул алып жаткан үй-бүлөлөр;
  • 18 жашка чыга элек майып балдары бар жана жөлөк пул алып жаткан үй-бүлөлөр.
XS
SM
MD
LG