Ссылки доступа

Саламаттык сактоо министрлиги Казакстанда коронавирус жуктургандар көбөйөт деп болжолдоодо


Казакстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жандос Буркитбаев өкмөттүн 22-декабрдагы жыйынында январь айына карата коронавируска байланышкан абал боюнча өз божомолун билдирди.

Анын айтымында, пессимисттик сценарий боюнча 2022-жылдын алгачкы айында өлкө боюнча суткасына болжол менен COVID-19 жуктурган 3 миңдей учур катталып турат.

Буркитбаев коронавируска байланышкан өлкөдөгү азыркы абал оптимисттик сценарий боюнча уланып жатканын, болжол менен суткасына 560тан жаңы учур катталып жатканын айтты. Ал ошондой эле акыркы эки жуманын ичинде өлкөдө ооругандар 31% азайып, ооруканалардагы инфекциялык жана реанимациялык орундардын 80% бош экенин кошумчалады.

Министрлик оптимисттик сценарий боюнча декабрда суткасына 1 100, реалисттик сценарий боюнча 1 600, пессимисттик сценарий боюнча 2 350 кишиден коронавирус аныкталат деп божомолдогон.

Өкмөт 22-декабрда дүйнөгө тездик менен жайылып жаткан коронавирустун "омикрон" штаммы Казакстанга келе элек экенин билдирди. Бирок премьер-министр Аскар Мамин аймактардын башчыларына калкты эмдөө жана ревакцинация кылуу иштерин тездетүүнү тапшырып, өзгөчө мамлекеттик чек араларда санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталышы керек экенин белгиледи.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин төрайымы Айжан Есмагамбетова Казакстанга коронавирустун "омикрон" штаммы эртеби-кечпи келе турганын айткан. Ошол эле маалда ал бийлик бул штаммды киргизбөө боюнча чараларды көрүп жатканын кошумчалаган.

"Омикрон" штаммы ноябрдын башында Африканын түндүгүндө аныкталган. 26-ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ал "кооптуу экенин" билдирген. Андан бери бул штамм болжол менен 90 өлкөдө аныкталды.

XS
SM
MD
LG