Ссылки доступа

Чымкентте тез жардам айдоочулары маянаны көбөйтүүнү талап кылышууда


22-декабрда Чымкент шаарында тез медициналык жардам станциясынын ондогон айдоочусу маянанын жогорулатууну талап кылды. Нааразы топ айлык акыны 80 миң теңгеден 150 миң теңгеге (340 доллар) чейин көтөрүүнү суроодо.

Шаршембиде тез медициналык жардам станциясынын алдына жыйналган 70тей айдоочу айлык акынын төмөндүгүн, коронавирус пандемиясына байланыштуу бериле турган үстөк акы үч айдан бери төлөнбөй жатканын билдирди.

- 7 жылдан бери иштейм. Жумушка киргенде маянам 70 миң теңге болчу. Азыр да ошол бойдон турат. Күнүгө азык-түлүк кымбаттап жатат. Баарыбыздын насыябыз бар. Талабыбыз – маянабыз көбөйсүн, - деди айдоочу Айдар Бегимбетов.

Станциянын башкы дарыгери Гүлнар Курманбекова чогулгандарды ызы-чуу салбай, тароого чакырды. Анын айтымында, коронавируска байланыштуу бериле турган үстөк акынын өлчөмү – айына 53 миң теңге. Ал ушул айдын аягына чейин төлөнөт. Маяна жаңы жылдан баштап көбөйүп, 92 миң теңге болот.

Нааразы топ бул жоопко канааттанган жок.

Алар маалымат каражаттары аркылуу саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, инфляцияны эске алуу менен маянаны кеминде 150 миң теңгеге чейин жогорулатууну сурашты. Айдоочулар талап аткарылбаса, жапырт түрдө жумуштан кетишерин эскертишти.

Былтыр жай мезгилинен бери аймактардагы тез медициналык жардам көрсөтүү станцияларынын кызматкерлери маянанын аздыгына, эмгек шартынын начардыгына даттанып, нааразылык акцияларын өткөрүп келишет.

Видео

Видео

Жагымдуу жылмайган Ameca роботу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00
XS
SM
MD
LG