Ссылки доступа

Душанбе-Чанак трассасында жүрүү акысы жогорулайт


Душанбе-Чанак автожолундагы толлинг плазасы

Тажикстанда Innovative Road Solutions компаниясынын филиалы 2022-жылдын 1-январынан баштап Душанбе-Чанак автожолунда жүрүү акысы өзөрө турганын маалымдады.

Тариф 50дөн 70 пайызга чейин жогорулайт. Маселен, «Варзоб» толлинг плазасында жүрүү акысы 3 сомониден 5 сомониге, «Чорух» плазасында 94 сомониден 103 сомониге чейин көбөйөт.

1-январдан тарта жеңил автоунаалардын айдоочулары Душанбе-Хожент жолунда накталай түрдө 28 сомони, карта аркылуу 14 сомони төлөп башташат.

IRS компаниясы тарифтерди кайра карап чыгууга дүйнөлүк кризистин кесепеттери, улуттук валютанын арзандаганы себеп болгонун түшүндүрдү. Компания жол техникаларын, мунай өнүмдөрүн, маалыматтык технологиялар тармагындагы заманбап жабдууларды чет өлкөдөн кымбат баада сатып алып жатканын кошумчалады.

Билдирүүдө компанияда 800дөй киши иштеп жатканы жана тарифти көтөрбөй туруп, эмгек рыногунда башка уюмдар менен атаандаша албай турганы айтылган.

Innovative Road Solutions компаниясынын филиалы Тажикстанда 2010-жылдын апрель айынан бери иш алып барат. Ал Душанбе-Чанак автожолунун инфраструктурасын тейлейт.

Тажикстанда акы алынган Душанбе-Хожент трассасынын узундугу 410 чакырымды түзөт.

2010-жылы «Немис толкуну» радиостанциясы Innovative Road Solutions Виржиния аралдарында Эмомали Рахмондун кызы Озода Рахмондун күйөөсү Жамолиддин Нуралиевдин наамына катталганын кабарлаган. Жамолиддин Нуралиев ушул тапта Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалайт. Ал IRS компаниясына тиешеси бар экенин четке кагып келет.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG