Ссылки доступа

Душанбеде өспүрүм кыздарды сабоого шектелген эки киши кармалды (видео)


В Душанбе задержали двух мужчин за оскорбление и избиение девочек-подростков
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Душанбе милициясынын кызматкерлери өспүрүм кыздарды сабоого шектелген эки кишини кармады.

Маалыматка караганда, 19-декабрда шаардагы Мирзо Турсунзаде көчөсүндө эки бейтаныш жигит чачын кызылга боегону жана жоолугу жок жүргөнү үчүн эки өспүрүм кызга акарат келтирип, аларды сабап ташташкан.

Жабырлануучулардын биринин апасы Шахноз Комилзода окуя тууралуу соцтармактарга жазып чыккан.

«Алар кызымдын курбусунун телефонун тартып алышып, жерге ыргытып, экранын талкалашкан. Кызым Мумтоздун телефонун жана сумкасын тартып алышып, сөгүшкөн. Кыздар буюмдарын алууга аракет жасашканда, жигиттердин бири Мумтоздун курбусун жерге чалып жыгып, аны буту менен башка жана ичке тепкен», - деп жазган ал.

Шахноз окуяга күбө болгондор жардам бербегенине нааразы болгон.

Шахноз Комилзоданын билдирүүсүнөн кийин шаардык милиция 20 жана 27 жаштагы эки жигит кармалганын, аларга карата бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Видео

Видео

Нарын: карды жөө таптап, лыжа тепкен окуучулар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00
XS
SM
MD
LG